Ошентип, күтүрөгөн малдуу көчтү ар кай жердеги ийин-деринин оозунда шоңшоюп отурган суурлар кубаттуу ыш-кырыктар менен каршы алат. Жандарында чөндөлөйлөрү, борсолойлору. Ушундан улам, алар узун кочту балдарын ээрчите чыгып тозуп алган энелерге окшоп кетет!
Биз бул жайлоого биринчи келаткан жокпуз. Конушубуз оодо жактагы түзөңдө. Аякта да суурлар аз эмес. Баары тааныш. Береги биз келаткан өзөндүн оң тарабындагы кашкай капталдарды көгүш суурлар, сол тарабындагы айдыңдуу беттерде кызгылт суурлар турат. Алар, бири-бирине каттабайт, бири-биринин жеринен оттобойт… Бу-ларда ушундай бекем тартип… Кокус, бул тартипти бир жааты бузса, ортолорунда чатак чыгат…
Суурларды мурда демейдеги эле териси кымбат ма-кулук деп ойлой турганмын… Эгер, ошол окуя болбогон-до, балким, мен ушундай эле коз карашта кала бермекмин.